“ПолитКлиника” басылмасынын башкы редактору УКМКга суракка чакыртылды

“ПолитКлиника” басылмасынын башкы редактору Дилбар Алимова УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу Дилбар Алимова өзүнүн баракчасына жазды.

Билдирүүдө ал УКМК тарабынан расмий чакыруу келбегенин, ошондой эле учурда шаарда эмес экендигин билдиргенде, тийиштүү мекеменин кызматкери кайсыл жерде жүргөндүгүн айтып, күчтөп алып кетээрин айткан.

“УКМКнын Бекжан деген кызматкеримин” деп бирөө чалды. “Келип кетиңизчи, бир-эки сурообузга жооп беришиңиз керек болуп жатат” деп. Мен расмий түрдө чакырбасаңар барбайм десем, “тоодо эс алып жүрөм, 10-майда шаарга барам” десем, “Жок, азыр келишиңиз керек. Болбосо биз барып алып кетебиз, Кой-Ташта жүрөт экенсиз” дейт. Ошол, жаңылыкты карап тургула, – деп айтылат журналисттин билдирүүсүндө.

Алимова аны кайсы иш боюнча чакыртылып жатканын жазган жок.

dilbar "ПолитКлиника" басылмасынын башкы редактору УКМКга суракка чакыртылды