Индиялык студент көп кабаттуу үйлөрдүн 6-кабатынан кулап каза болду

Ош шаарында индиялык студент көп кабаттуу үйлөрдүн 6-кабатынан кулап көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттиги жазды.

Окуя 5-майда болжол менен күндүзгү саат 16:00дөр чамасында Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Жашоочулардын айтымына таянсак, чет элдик жаран бир нече жылдан бери Ош шаарында медициналык билим алып жаткан.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы окуяны тастыктап, жеринде каза болгон чет элдик жаран ОшМУнун медицина факультетинин 4-курсунун студенти 2001-жылы туулган О.Ч. экендигин билдирди.

“Маркум Курманжан Датка кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап жүргөн. Окуя болгон учурда аны менен чогуу жашаган жана үйүнө келген бир нече мекендеш коноктору болгон”, – деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Учурда аталган факт боюнча териштирүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.