Ошто чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды

Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданындагы көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

1fa6f35e e3c9 48ab a5bb a1f5d7c58d86 Ошто чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды

“Учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя боюнча мыйзам бузууларга, коомдук тартипти бузууга жана чагымчылдык жасоого байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышат.

Ал эми ооруканага 7 жаран кайрылган, анын ичинен 1 кызматкер бар”, – деп айтылат маалыматта. 

b56355f4 b5e0 4522 910e cfa1fe684885 Ошто чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды

Ошондой эле, 31-август күнү саат 18:50 чамасында көк-бөрү оюнунда Ош облустук тез жардам кызматынын “Форд-Транзит” үлгүсүндөгү автоунаасынын терезелери талкаландыгы боюнча нөөмөт бөлүгүнө кабар келип, маалыматтык электрондук журналына катталганы кошумчаланды.

1b722ab8 1f0c 465d b905 742849dd4fd0 Ошто чагымчылдык аракеттерди жасаган 25 жаран аныкталды

Эске салсак, 31-августта президенттин кубогунун финалында “Ынтымак” жана “Достук” командалары оюн талаасына чыгып, “Ынтымак” командасы 2:1 эсебинде жеңип алган. Оюндан соң күйөрмандар нааразы болуп калыска жана жеңүүчү командага желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан.