ВИДЕО: Адахан Мадумаровду милиция сотко алып кетти

ИИМдин кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Биринчи май райондук сотуна алып кетти.

Маалым болгондой, райондук сотто Мадумаровдун бөгөт чарасы каралат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-сентябрда Адахан Мадумаровду милиция кызматкерлери кармап кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка алынып кеткени белгилүү болгон. Буга чейин парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду аталган иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.