Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип, 2 айга камалды

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин тергөөчүсү Мадумаровду 24-октябрга чейин камакка алуу тууралуу өтүнүч келтирип, сот өтүнүчтү канааттандырган. Мадумаров УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча шектелип жатканы белгилүү болду. Бул иш Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу. Буга чейин парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду аталган иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Депутат Гуля Кожомкулова журналисттерге билдиргендей, буга чейин парламент Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген. Бирок учурда тергөө ага «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагууда. Мындан улам ал берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин айтты.

Эскерте кетсек, бүгүн, 2-сентябрда Адахан Мадумаровду милиция кызматкерлери кармап кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка алынып кеткени белгилүү болгон.

Мадумаров кармалгандан кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына мамлекетке чыккынчылык кылгандар болсо же кимдир бирөө мамлекет ичине бүлүк салууга аракеттенсе, аларга аёо болбой турганын билдирген.

31-майда парламенттин жыйынында төрага Нурлан Шакиев депутат Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден кайрылуу келип түшкөнүн билдирген.

Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренесинин 1-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга даярдык көрүү), 36-326-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү), 338-берене 3-бөлүгү (Бийликтен аша чабуу) боюнча айып тагылып жатканы айтылган.

Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Кийинчерээк, 22-июнда депутаттык комиссия Мадумаровду «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.