Өмүрбек Бакировду милиция кармап кетти

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду милиция кармап кетти. Бул маалыматты ал өзү ырастап, учурда аны облустук милицияга алып баратышканын билдирди. Кармалган себеби тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Милиция бул боюнча комментарий бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган.

Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган төмөнкү инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.