Сокулукта 9 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөтүп келген адамга өкүм чыкты

29-августта Чүй облусунун Сокулук райондук сотунда 9 жашар кызга ыдык көрсөтүүгө байланышкан кылмыш иши каралып өкүм чыкты. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Соттун өкүмүнө ылайык, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 34-158-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, ага 7 жыл эркинен  ажыратуу жазы белгиленди. Жазасы жалпы тартиптеги түзөтүү абакта өтөөсү каралды.

Айыпталуучунун 2023-жылдын 25-апрелинен өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин алдын ала камакта отурган мөөнөтүнүн ар бир күнү жаза өтөөнүн эки күнүнө барабар болуп эсептелди.

«Айыпталуучу жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына материалдык зыян 132 миң 166 сом жана моралдык зыян 50 миң сом өндүрүлүүсү каралган», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар өкүмгө  30 күндүн ичинде  апелляциялык даттанууга укуктуу.

Эскерте кетсек, Сокулук районунда жашы жете элек өспүрүм кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жаран кармалган.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда ал 2022-жылдын декабрь айынан бери кошунасы, жашы жете элек кызына ыдык көрсөтүп жүргөнүн билдирип, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.

25-апрель күнү жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жана кылмыш иши боюнча дайындалган укуктук экспертизалардын жыйынтыгы менен аталган кылмышка шектүү делип 1980-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.