Замирбек Базарбеков вотсап аркылуу ар бир судьяга эскертүү смс жөнөттү

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков вотсап аркылуу ар бир судьяга эскертүү смс жөнөттү.

Аны өзгөртүүсү беребиз:

“Урматтуу соттор!

Мен бүгүн президенттин кабыл алуусунда болдум. Өтө катуу сөздөр болду. Айрыкча соттор арасында пара алуу боюнча.

Кечээ жакында Ленин районунун судьясы өзүнүн жардамчысы аркылуу 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен жардамчысы кармалды.

Окуя төмөнкүчө болгон: Укук коргоо органдарында мурдатан эле судья 50 миң доллар сурап жатканы билинген. Укук коргоо органдары прокуратурадан кылмыш иш козгогонго уруксат сурап баргандан кийин судьяга «утечка информации» кетип калган. Ошентип судья өзү кармалбай, жардамчысы кармалып калган.

Бирок баары бир жардамчысы бардык көрсөтмөнү судьяга карата берди. Азыр судьянын тагдыры чечилгени турат.

Мындан башка дагы эки судьяга тиешелүү жагымсыз окуя болду. Алар дагы «утечка» кетип калып, иш бүтүрүп жүргөн ортомчуларга жолукпай, баш тартып качып жатышат.

Мындай окуя республика боюнча сот тутумунда көп болуп жатканын президент өтө катуу капалануу менен айтты.

«Мен соттор үчүн баардык шарттарды түзүп берип жатсам, анан соттор пара алуу менен алек болуп жатсаңар мен силерди кантип коргойм?!», – деди.

Урматтуу соттор!

Бул сөздүн негиздүү экенин тана албайбыз. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» болуп жатабыз.

Арабызда баарыбызды жаман көрсөткөн судьялар бар.

Келгиле ушуларды токтотолу. Тазаланалы. Президент менин көзүмчө укук коргоо органдардын жетекчилеринен катуу талап кылды. «Мындан ары, «утечка» кетирбестен кармагыла, андан кийин ураксат кагаздарын аласыңар» деди.

Мен президентибиздин мындай талаптарын колдодум. Биздин, соттордун, пара алып жатканыбыз мыйзамдуу дагы, ал эми сотторду кармаган укук коргоо органдарыныкы мыйзамсыз болуп калабы?

Сот системасын тартипке салуу үчүн ушундай кадамдарга барууга аргасызбыз деген сөздөр болду.

Соттор бир гана жардамчысы эмес, адвокаттар, прокурорлор, тергөөчүлөр жана тааныш-билиштери аркылуу пара алып жатышат. Эми мындан ары баары «оптом» камалыш керек деген сөздөр да чыкты.

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерге дагы бир жолу катуу эскертүү берем. Таза иштегиле! Эгерде азыркы күндө алып жаткан эмгек акыңар жетпесе, кызматты таштап кеткиле дагы, бизнес кылгыла”, – деди Жогорку Соттун төрагасы.