Айтматов РИИБдин кызматкерлери жоголгон малды ээсине кайтарышты

Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 19-август күнү Айтматов РИИБине келип түшкөн. Анда Айтматов районунун Кайнар айлынын тургуну 1978-ж.т О. П., 1976- ж.т. А.П. жана 1985-ж.т. О.Пга таандык 130 баш койлор жана 2 эчки “Курт-Булак” жайлоосунан жайылып жүргөн жеринен жок болуп жаткандыгын билдирилген.

“Аталган факты Айтматов РИИБдин электрондук журналына катталган. Окуя болгон жерге Айтматов РИИБдин ыкчам тергөө тобу жана Аманбаев айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери барган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзгөн учурда кыргыз -казак чек арасынан Казакстан Республикасына өтүп кеткендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Айтматов РИИБдин башчысы милициянын подполковниги Алмазбек Тулебеков жана Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Жуалы райондук полициясынын башчысы менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде 130 баш кой жана 2 эчки кайтарып ээлерине тапшырылды”, – деп айтылат Талас ОИИБдин басма сөз кызматы берген маалыматта.

3626e61e 9d77 40df 944f bcec681144bc Айтматов РИИБдин кызматкерлери жоголгон малды ээсине кайтарышты