Абды Сүйөркуловго «КР Баатыры» наамы ыйгарылды

Мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Президенттин маалымат кызматы белгилегендей, Абды Сүйөркуловго мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы берилген (каза болгондон кийин).

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.