Насирдин Исановго “КРнын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго каза болгондон кийин “КРнын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

«Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген көөнөрбөс эмгеги жана туулган күнүнүн 80 жылдыгына байланыштуу мамлекеттик ишмер Насирдин Исановго “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин)», — деп айтылат маалыматта.