ВИДЕО: Жалал-Абадда футбол күйөрмандары оюн талаасына чыгып, оюнга жолтоо болушту

Бүгүн, 29-августта, Жалал-Абад шаарындагы «Барселона» футбол академиясынын ачылышына жана башка бир катар иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга келген Жоан Лапорта жетектеген «Барселона» футбол клубунун өкүлдөрү оюн көргөзүшкөн.

Милиция кызматкерлери оюн талаасын курчаганына карабай, жаш футболчулар жана күйөрмандар оюнга жолтоо болуп, оюн талаасына чыгып кеткенин видеодон көрсөк болот.

Аларды милиция токтото албай убара болууда.