Жапония Бишкектеги медборборго УЗИ аппаратын белек кылды

Бүгүн, 29-августта Жапония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда медициналык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, гранттык контракт боюнча №10 ҮМБга жалпы суммасы 55 миңден ашык АКШ доллары турган УЗИ аппараты берилген.

Иш-чара саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков, Жапониянын Кыргызстандын  элчиси Года Хидеки мырза, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бакытбүбү Шамырканова жана ҮМБнын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Өз сөзүндө министрдин орун басары Жапония өкмөтүнө ыраазычылык билдирди жана Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки мырзага, «Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу» программасынын координаторлоруна саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.