Депутат министрге: “филармонияда 35-40 жылдан бери комуз чертип, кыл кыяк тарткандар наам ала элек”

«Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өлкөдөгү маданий мекемелердин абалын сындады.

Токторбаев өлкө боюнча 1068 китепкана болсо, анын 202си оңдолуп, 8 млн 744 миң сом бөлүнгөнүн, ар бирине 43 миң сомдон туура келгенин, бирок бул сумма өтө аз экенин айтып, мекемелерди оңдоо үчүн бюджет талап кылууну, өкмөт башчыга, депутаттарга кайрылууну сунуштады.

«Мен билем, филармонияда 35-40 жылдан бери комуз чертет, кыл кыяк тартат, бири да наам ала элек. Жарым жылаңач, фонограмма менен ырдагандарга наам бересиңер. Сиз спортту билбейсиз, маданияттын өкүлүсүз, пенсияга чыкканча иштеңиз. Бирок сиздин учурда жасалган иштер болушу керек. Көрдүңүзбү, Камчыбек Кыдыршаевич кандай иштеп жатат? Бирок ал түбөлүк иштебейт да, балким беш жыл, балким бир жыл иштейт, кандай имараттарды куруп, элге кызмат кылып жатат», — деди Токторбаев.