Баткенде “үй курам” деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” компаниясынын кылмыш иши тергелүүдө


Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын жашоочулары Баткен облустук башкармалыгына арыз менен кайрылышып, анда 2022-жылдын сентябрь айындагы Тажикстан менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда орун алган куралдуу кагылышууда жабыр тарткан курулуштарды калыбына келтирүү үчүн тартылган “Келечек ЛТД” курулуш компаниясы жалпы болуп 5 347 330 сомдук курулуш материалдарын алып, акчасын алдап бербей койгондугу тууралуу билдиришип, мыйзам чегинде чара көрүү жагын суранышкан.


Аталган факты боюнча 2023-жылдын май айында Баткен ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиинин 209-беренесинин 3-бөлүмүндө (Алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.


Тергөө учурунда, “Келечек ЛТД” жооптуу өкүлү Ш.Н шектүү катары суракка алынып, камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү М.А. боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишинин алкагында келтирилген чыгымдарды өндүрүү жана мыйзам чегинде тергөө боюнча тиешелүү ыкчам иш чаралар жүрүп жатат.

31540728 6f64 42cb 99a5 1badfd32ced7 Баткенде "үй курам" деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” компаниясынын кылмыш иши тергелүүдө
dc824390 cfc1 473a 8ffa a64afda2d23e Баткенде "үй курам" деп миллиондорду уурдаган “Келечек ЛТД” компаниясынын кылмыш иши тергелүүдө