УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 9-июнунда КР УКМК тарабынан контрабандага каршы күрөшүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Лейлек районунун тургундары, 1993-жылы туулган С.у.И. жана 1991-жылы туулган М.Т.З. аттуу жарандардын башкаруусундагы 03KG 322 ADU мамлекеттик номурлуу, кочкул көк түстөгү Ауди А6 үлгүсүндөгү унаа аныкталып токтотулган.
“Унаанын ичинен кошуна мамлекеттердин биринин аймагынан Баткен облусуна аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер табылган. Аталган унаа жүктү Лейлек районунан Кадамжай районун көздөй жергиликтүү соода түйүндөрү аркылуу сатуу үчүн бара жаткан.
Унаа жана жүк атайын сактоочу жайга токтотулуп, аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Белгиленген тартипте жүктү жок кылуу үчүн материалдарды бажы органдарына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралууда”
, – деп атйлат маалыматта.

8cacd83d f047 4f5f a3d2 609d585caa07 УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды
0bbdccc0 6c21 4987 b543 e98cbaaaf522 УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды
cf14b5a0 21f5 402f adc2 49e3e3c453db УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды
998d7723 c493 40c5 9380 d80646e8415f 1 УКМК: Аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер кармалды