Милициянын кайгуул кызматы мектептерде мектеп жамааты менен биргеликте иш алып барышууда

Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери мектептерде мектеп жамааты менен биргеликте иш алып барышууда.

Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 1-сентябрь жаңы окуу жылы башталды, бул күндөрү Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы шаар ичинде орто билим берүү мекемелеринде кайгуул постторун жайгаштырышты.
Айрыкча көчө боюнда жайгашкан мектептерде, жол чырактардын алдында, жөө өтмөктөрдө окуучулардын коопсуздугун алдын алып профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Ошондой эле мектептердин айланасында автоунаалардын тыгындарын жөнгө салып, тоскоолдук жаратып токтотулган автоунаалардын айдоочуларына айыптарды ыйгарышат.


“Мектеп окуучулар арасында жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу, коопсуз жол, жол эрежесин сактоо эрежелерин үйрөтүүдө ачык сааттарды уюштурушуп, мектеп жамааты менен биргеликте ата-энелери менен жолугушууларды уюштурушууда.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерден, окуучулар мектепке чейинки коопсуз жолду толук жаттап, өздөштүргөнгө чейин өздөрү коштоп алып келип, алып кетип турууну өтүнөт”, – деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматында

6d25da6c f32b 4350 b28a 3299d286096c Милициянын кайгуул кызматы мектептерде мектеп жамааты менен биргеликте иш алып барышууда
650a179f dc6e 4835 9bfc 792c97ad2317 Милициянын кайгуул кызматы мектептерде мектеп жамааты менен биргеликте иш алып барышууда
54551683 94fd 4027 b6cd 99197eb90fb5 Милициянын кайгуул кызматы мектептерде мектеп жамааты менен биргеликте иш алып барышууда