ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо

Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери ИИОнун башка кызматтары менен биргеликте республика боюнча мектептердеги салтанаттуу иш-чараларда коопсуздукту камсыздашууда.


“Бүгүнкү, 1-сентябрь Билим күнүндө Күзөт бөлүмдөрүнүн милиционерлери Балдар иштери боюнча тескөөчүлөр жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен биргеликте мектептердин жанында күзөттө турушат.
Мындан тышкары, ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мугалимдерге жалпы билим берүү мектептеринин мүлкүн сактоо жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымат-түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү”, – деп айтылат маалыматта.


Ошондой эле эвакуациялык иш-чараларга карата кыраакылыкты күчөтүү жана чара көрүү зарыл экендигин белгилешти.
Мындан тышкары мугалимдер менен жолугушууда кызматкерлер кандайдыр бир экстремалдык кырдаалда кандай реакция кылуу керектигин жана ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери дүрбөлөң баскычы иштеген учурунда калк менен биргеликте кандай иш алып барарын көрсөтүштү.

60c8402e a98b 4505 96a1 1e33e40266be ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо
6e64fd9f 320c 4d39 a2dd c14ddf1c3931 ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо
kajguul k ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо
74ef8f14 9f61 4548 a498 593296bc61de ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо
ohrana shk ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери мектептердин жанында коомдук коопсуздукту камсыздоодо