Киберспорт (PUBG Mobile) түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңди

Бул тууралуу Кыргызстандын компьютердик Спорт федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандыктар 16 команданы утуп, 40 миң доллар жеңип алышты. Турнир Румынияда 24-августтан 4-сентябрга чейин уланат. Кыргыз курама командасындагы оюнчулар: Дияр Осмонов, Байтур Курманбеков, Бекнияз Рысалиев жана Антон Генцельман.

Бул турнирде Кыргызстан жалпысынан төрт дисциплинада оюн көрсөткөн. Алар: PUBG Mobile, Dota 2, eFootball 2023 жана Tekken 7.

Dota 2 курама командасы 3-орунду ээлеп, 20 миң доллар утушка ээ болгон. Бул командада Бакыт Эмилжанов, Кыялбек Тайиров, Руслан Темиралиев, Евгений Ри жана Бектур Кулов ойношкон.

Жалгыздан оюн көрсөтүүдө eFootball 2023 жана Tekken 7 командаларынын оюнчулары жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бирок топтон чыга алышкан эмес.

IESF (World Esports Championship) — дүйнө жүзү боюнча киберспорт түрүн өнүктүрүүнү колго алган эл аралык киберспорт федерациясы. Алар 2009-жылдан баштап ар кандай видео оюндар боюнча  мелдештерди жана турнирлерди өткөрүп келишет.