Мектепке электрондук каттоо: 1-класска 123 миң 178 бала кабыл алынды

Мектепке жана бала бакчага балдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык система аркылуу 16-августка карата 1-класска 123 миң 178 бала кабыл алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 2 миң 788 бала жеңилдик менен алынды. Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 66,1% түзөт. Дагы 63 миң 66 бош орун бар.

Аймактар боюнча алганда:

— Бишкек шаарында жалпы 20 миң 741 квота болсо, анын 17 миң 550 бала кабыл алынды;
— Жалал-Абад облусунда жалпы 36 миң 525 квота болсо, анын 23 миң 586на бала кабыл алынды;
— Чүй облусунда жалпы 30 миң 786 квота болсо, анын 19 миң 515не бала кабыл алынды;
— Ош облусунда жалпы 40 миң 434 квота болсо, анын 24 миң 7не бала кабыл алынды;
— Ысык-Көл облусунда жалпы 14 миң 900 квота болсо, анын 9 миң 140на бала кабыл алынды;
— Баткен облусунда жалпы 16 миң 835 квота болсо, анын 11 миң 738не бала кабыл алынды;
— Талас облусунда жалпы 7 миң 198 квота болсо, анын 4 миң 885не бала кабыл алынды;
— Нарын облусунда жалпы 7 миң 536 квота болсо, анын 5 миң 148не бала кабыл алынды;
— Ош шаарында жалпы 11 миң 289 квота болсо, анын 7 миң 609на бала кабыл алынды.

Мектепке электрондук каттоонун I этабы 2023-жылдын 10-апрелинен 26-июнуна чейин болсо, II этап 26-июндан 31-августка чейин жүргүзүлөт.