Новосибирскидеги “Технопром” форумуна Кыргызстандын өкүлдөрү катышат

25тен ашык мамлекеттин өкүлдөрү Новосибрскидеги “Технопром” форумуна катышат. Бул тууралуу Бишкектеги Русский дом билдирди.

Иш-чара 22синен 25-августка чейин өтөт. Новосибирск облусунун илимий-технологиялык өнүктүрүү фондунун директору Сергей Санников белгилегендей, “Технопром” эл аралык чөйрөдө ишенимге татып, чет элдик мамлекеттер кызыга баштады.

Форумга БАЭ, Сауд Арабия, Бразилия, Түркия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусь жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышат. 2023-жылдагы форумдун вектору: “Технологиялар — аймактарды өнүктүрүү фактору”. Максаты — импортту алмаштыруу жана технологиялык суверендүүлүккө жетишүү үчүн аймактар аралык жана эл аралык кооперациялардын аянтчасын түзүү үчүн реалдуу аянтчага айлануу.

Иш-чарада алдыңкы жана аэрокосмостук технологиялар жаатындагы келишимдерге кол коюлат.