Бишкекте биринчи жолу «E-COMKG 2023» аталышындагы эл аралык форум өттүдө

Бүгүн, 23-июнда Бишкекте биринчи жолу «E-COMKG 2023» аталышындагы эл аралык форум өтүп жатат.

Форум Кыргызстанда электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө жооптуу министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда өтүп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышууда.

Ошондой эле иш-чарага Wildberries, Ozon, Aliexpress, KazanExpress, Omniva, Uzum, e-Com IT компанияларынын, ошондой эле башка B2B жана B2C соода платформаларынын негиздөөчүлөрү, менеджерлери жана алдыңкы эксперттери келген. Иш-чаранын хедлайнери Wildberries компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Татьяна Бакальчук болмокчу.

«E-COMKG 2023» форумунун алкагында жеңил өнөр жай, Кыргыз Республикасынын эл керектөөчү товарларын өндүрүүчүлөрдүн, логистикалык жана E-Com рыногуна тиешелүү башка компаниялардын экспозициялары көрсөтүлдү.

1000005562 1 1536x692 1 Бишкекте биринчи жолу «E-COMKG 2023» аталышындагы эл аралык форум өттүдө
20230623 105529 1536x730 1 Бишкекте биринчи жолу «E-COMKG 2023» аталышындагы эл аралык форум өттүдө