Сузакта адамды тоноого жана мыйзамсыз эркиндигинен ажыратууга шектелген жарандар кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августта Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган. Анда 7-августтан 8-августка караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл аймагында аны Өткүр, Алмаз, Байэл, Арзыбек аттуу балдар уруп-согуп, күч колдонуп автоунаага салып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң, 13-августта саат 11:00 чамасына чейин аны Сузак районунун Атабеков айыл аймагына караштуу бейтааныш үйдө коркутуп, акча талап кылып ур-токмокко алышкандыктарын билдирген. 

Аталган маалымат 16-августта Сузак РИИБинин электрондук журналына катталып, 17-августта Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 206-берененин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Натыйжада кылмышка шектелип Сузак районунун тургуну 2002-жылы туулган С.Б. (мурун соттолгон), ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.