ВИДЕО: Оштун тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жасады

Оштун тургуну Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге видео кайрылуу жасап, шаарга келип кетүүсүн өтүнгөн. Аталган видео социалдык тармактарга тарап, талкуу болууда. 

“Урматтуу Шавкат Миромонович, Ош калкыбызга, Ошубузга келип кетишиңизди суранабыз. Он-Адырга келип тарыхта кала турган иштерди кылып койсоңуз жакшы болот эле. Калганын өзүңүзгө айтаар элек. Документ иштери, жолдорубуз каралбай калды. Улутчулдук чектен ашып кетти. Балким кабарыңыз бардыр. Калкыбыз кайсыл жерде жашабасын таштанды болуп кеттик. Үстүбүздөн күлүп жатышат. Бул азыркы учурда болуп жаткан окуялар”, – делет кайрылууда. 

Ал эми аталган окуя боюнча Ош милициясы төмөндөгүдөй маалымат берди:

“Кайрылуу жасаган жаран Амир-Темир кичи шаарчасынын 60 жаштагы тургуну. Кайрылуу жарык көргөндөн соӊ ал Ош ШИИБине алынып келинип, кайрылуу жасоо себептери суралган. Анын кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо үчүн Ош шаарынын жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү иш чаралар аткарыла баштады. Андан сырткары кайрылуу жолдогон жарандын кайрылуусу, сөздөрү канчалык мыйзамдуу экендигин териштирүү боюнча бир топ иштер аткарылып, тиешелүү экспертизалар дайындалат жана кайрылуу жолдогон жаранга юридикалык баа берилет”,- делет маалыматта.