Жапаров СУАРдын бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында СУАРдын бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды.

Алсак, министрлер кабинетинин төрагасы Үрүмчү шаарындагы “Синьцзян Хуалин” корпорациясында болуп, корпорацияга караштуу эт комбинатынын иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасына “асыл тукумдук базадан дасторконго чейинки” эт кластери көрсөтүлдү.

Белгиленгендей, завод толугу менен санариптештирилип, мал союу жана даяр продукцияны тоңдуруу үчүн заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы “Синьцзян Хуалин” корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Ми Эньхуа менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Министерлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан Кытайдан инвестиция тартууга кызыкдар экенин жана айыл чарба, мейманкана, логистика, курулуш, кыймылсыз мүлк жана соода тармагында кызматташууну арттыруу үчүн бардык шарттарды түзүүгө даяр экенин белгиледи.

“Мал чарба комплексине, тамчылатып сугаруу тармагына жаңы технологиялар үчүн келдик. Климаттын өзгөрүшү, планетанын калкынын өсүп жатышы таза жана туруктуу энергия маселесин жаңыча көтөрүүдө. Биз суунун башында турган өлкө катары бул жаатта кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, ал корпорация өкүлдөрүн кыргыз делегациясынын курамы менен тааныштырып, бул жолугушуу Кытайдан келген өнөктөштөр менен түз байланыш түзүүгө жана реалдуу долбоорлорду талкуулоого өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөөрүн белгиледи.

Өз кезегинде “Синьцзян Хуалин” корпорациясынын башкармалыгынын Төрагасы жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирип, корпорация Кыргызстанды айыл чарба, энергиянын кайра жаралуучу булактары, гидроэнергетика жана логистика тармагында кызматташуу боюнча потенциалдуу өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министрлер кабинетинин төрагасы корпорация өкүлдөрүн мындан ары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

8f0f863f fc9c 44ba 99ef 63002ee06a34 Жапаров СУАРдын бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды
64ddd259f10a5 Жапаров СУАРдын бир катар өнөр жай жана өндүрүш ишканаларына барды