Калмира Билимбек кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга татыды

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы Иорданияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Эскерте кетсек, Иорданиянын борбору Амман шаарында 20 жашка чейинки спортчулар арасында турнир өтүүдө.

Калмира Билимбек кызы 59 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 16-августта старт алды.

1/16 финалда Билимбек кызы Өзбекстандын спортчусун (11:1), андан кийин 1/8 финалда казакстандык спортчуну (8:1) эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Япониянын өкүлү 10:0 эсебинде жеңилип калды.

Жарым финалда Билимбек кызы бейтарап желектин астында чыккан Алес Гетмановага утулуп калды.

Финалдык беттеште Билимбек кызы Түркиядан келген спортчуну жеңип, коло медаль тагынды.

Бул Кыргызстандын курама командасы үчүн дүйнөлүк чемпионатта биринчи медаль.