Дүйнө чемпионаты: Калмира Билимбек кызы коло үчүн күч сынайт

Кыргызстандык спортчу Калмира Билимбек кызы (59 кг) Иорданияда өтүп жаткан 20 жашка чейинки (U20) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында коло үчүн күрөшөт.

Калмира Билимбек кызы килем үстүнө 16-августта чыгып, таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи кармашында ал өзбекстандык спортчуну 11:1 эсебинде жеңди. Андан кийин 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде утуп келе жатып, далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда ал япониялык атаандашын 10:0 эсебинде утту.

Бирок жарым финалдык беттеште Калмира Билимбек кызы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан Алеся Гетмановага 4:6 эсебинде жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Үчүнчү орун үчүн кармаш бүгүн, 17-августта өтөт. Калмира Билимбек кызынын атаандашы польшалык Александра Витос менен түркиялык Севим Акбаштын ортосундагы беттеште жеңген спортчу болот.