Ысык-Көлдөгү скутердин ээлери атасы менен уулун сабашкан

Ысык-Көлдө бир нече жаш жигит тарабынан эки эс алуучунун сабалышы боюнча окуянын катышуучуларынын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 16-августта соцтармактарга Ысык-Көлдө скутерди ижара берген балдар эки адамды сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуя Кош-Көл айылындагы көл жээкте болгон.

Аталган факт милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө эки жаранды ур-токмоко алган делип 18 жаштагы (А.Ж.) Бишкектин тургуну жана Кош-Көл айылынын эки жашоочусу (С.А., Б.Э.) кармалып, милицияга жеткирилген.

Ошондой эле милиция сабалган эки жарандын өздүгүн аныктаган. Алар 55 жаштагы С.Д. жана анын уулу — 27 жаштагы С.Э. болгон. Алар Кыргызстандын жарандары болушат, учурда Казакстандын Алматы шаарында жашашат. Жабыркагандар милицияга арыз жазган.

Учурда ур-тепкиге алынган эки жарандын алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде чечим кабыл алынат. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында текшерүү иштери уланууда», — деп билдиришти милициядан.

Ысык-Көлдөгү скутердин ээлери атасы менен уулун сабашкан
Ысык-Көлдөгү скутердин ээлери атасы менен уулун сабашкан
Ысык-Көлдөгү скутердин ээлери атасы менен уулун сабашкан