Кыргызстан менен Кытай 6 маанилүү документке кол коюшту

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюлган документтердин ичинде ири долбоорлор бар:

– Электр энергиясы менен камсыздоо үчүн энергетикалык инфраструктураны кошуу жөнүндө меморандум;

– Пландаштырылган Бедел өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолдун курулушу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму (бул эки өлкөнүн чек арасындагы үчүнчү өткөрүү пункту болот);

– Сары-Жаз дарыясынна ГЭСтер каскадын куруу боюнча кызматташуу меморандуму. Ага Энергетика министрлиги менен кытайлык ТВЕА компаниясы кол коюшкан;

– Кыргызстандыктарга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 25 орун менен камсыз кылуу боюнча макулдашуу;

– КР Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосундагы 500 кВ Кемин – Торугарт электр өткөргүч линиясын куруу боюнча кызматташуу меморандумунун долбоору;

– Чек арадагы электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө макулдашуу. Нарын облусунда жана Ош облусунун Алай районунда соода-логистикалык комплекстерди жана алымсыз чек ара соода жайларын куруу мүмкүндүгү каралды.

kytaj kyrgyzstan zhol Кыргызстан менен Кытай 6 маанилүү документке кол коюшту