Эрназар Акматалиев коло үчүн күч сынайт

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында утулуп калды.

Жарым финалда Акматалиев япониялык Таиши Нарикуни менен килем үстүнө чыкты. Ышкырык жаңырып, күрөш башталды. Эрназар атаандашын төрт упайга көтөрүп чапты, көп өтпөй Таиши Нарикуни дагы төрт упай алганга үлгүрдү. Бири-биринин белине өтүп жатып биринчи бөлүк 6:6 тең эсебинде жыйынтыкталды.

Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны Нарикунинин белине өтүп, чийинден сыртка чыгарды, бирок төрт упай алдырып жиберди. Эсеп 10:10, япониялык балбан акыркы упай алганы үчүн жеңиш ага ыйгарылып жатканда, кыргыз тарап калыстар акыркы ыкманы кайра карап чыгуу үчүн “челлендж” баскычын басты. “Челлендж” утулуп калып, япон тарапка бир упай менен кошо жеңиш берилди.

Эми Акматалиев коло үчүн күрөшкө чыгат.

Эске сала кетсек, Эрназар Акматалиев 2022-жылдын апрель айында Монголиядагы Азия чемпионатынын финалында дагы дал ушул япониялык Таиши Нарикуни менен кармашкан. Тилекке каршы, кыргыз балбаны анда атаандашына 4:3 эсебинде утулуп, күмүш медалга татыган.

Акматалиев 70 кг салмакта дүйнө чемпионаттын 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач молдавиялык балбанды 14:2, анан болгариялык спортчуну 11:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.