Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат.

Бул багытта турган КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда.

Тактап айтканда, саат 06:00до тажик тарап  Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергесиндеги кыргызстандык чек арачыларга ок чыгара баштаган. Саат 06:30да «Көк-Таш» чек ара тозоту жооптуу болгон тилкени миномет менен аткылоого өткөн.

Ошондой эле саат 07:10дордо Паскы-Арык жергесиндеги «Самаркандек» чек ара тозотун аткылоо башталган.