Эрназар Акматалиев Египеттеги эл аралык мелдеште алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде алтын медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Эрназар Акматалиев эркин күрөшү боюнча 70 кг салмакта мелдештин тандоо турунан баштап катышты. Ал алгач өзбекстандык балбанды 7:5, грузиялык спортчуну 14:7 эсебинде утса, жарым финалда кыргызстандык Орозбек Токмамбетовду 2:2 (акыркы упайды алган балбан жеңүүчү болот) эсебинде жеңген.

Финалда кыргыз балбаны америкалык Лукас Дакота Читтум менен кармашып, атаандашынан кыйла күчтүү экенин көрсөттү. Жыйынтыгында 10:0 эсебинде Акматалиев алтын медалды багындырды.

Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын, Айпери Медет кызы (76 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) коло, грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков (82 кг) күмүш, Сыймык Махмудов (63 кг) менен Раззак Бейшекеев (67кг) коло, эркин күрөшү боюнча Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) алтын жана Бекзат Алмаз уулу (57 кг) коло медаль уткан.