Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жер титирөө катталды

27-февралда саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титирөөнүн очогу Как-Шаал Тоо кырка тоолорунда, Таш-Короо айылынан 50 км түштүк-чыгышты карай, Эчкили-Таш айылынан 55 км түштүк-чыгышты, Кургак айылынан 58 км түштүк-чыгышты, 60 км Эңилчек айылынан түштүк-чыгышты карай, Кең-Суу айылынан 60 км түштүк-чыгышты, Каракол шаарынан 130 км түштүк-чыгышты карай болду.

Калктуу конуштарда жер титирөө катуу сезилген: Таш-Короо, Кургак, Эңилчек айылдарында 4 баллга жакын, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3,5 баллга жеткен.