Оштогу аэропортто 35 кг алтын ташып келгендер кармалды

Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазышты.

35 кг алтын зер буюм же алтын түрүндө ташылып келгени азырынча так маалым эмес.

Алтынды мыйзамсыз ташып келүүгө шектелгендер ИИМдин түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кийинчерээк иштин материалдары ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

ИИМдин басма сөз кызматы аталган факт боюнча расмий маалымат бере элек. Маалыматты Тергөө кызматынан тактап берерин билдиришти.