Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянты унаалар үчүн жабылат

Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянты унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, 2023-жылдын август айынын 31-күнү Чүй проспектиси, Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.
“Орозбеков менен Раззаков көчөлөрү, Абдымомунов көчөсүнөн Чүй простпектисине чейинки бөлүгү жабылат.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы, өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, убактылуу киргизилген чектөөлөргө шаардын тургундары жана конокторун түшүнүү менен кабыл алууларын чакырат. Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, жогорудагы көрсөтүлгөн жол тилкелери аркылуу өтүүдө алдын ала маршруттарды тандап алууларды эскертебиз”,
– ддеп айтылат кайгуул кызматынын маалыматында.