Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк календарь жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди.
Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2024-жылы эки күндүк дем алыш күндөр менен беш күндүк иш жумасынын иш күндөрү 250 күндү түзөт.
Анын ичинде 8 майрам алдындагы күндөр, 104 дем алыш күн, жумуш эмес майрам күнү дем алыш күнгө туш келгениен байланыштуу 4 кошумча эс алуу күндөрү — 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь.
Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо айт жана Курман айт майрамдарын эске албаганда, 12 майрам күн.
![2024 majramdar 2024-жылдагы майрам күндөрү бекитилди](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/2024-majramdar.jpg)