Ири өлчөмдөгү гашиш сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду



r Ири өлчөмдөгү гашиш сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Афганистан Ислам Республикасынан Тажикстан Республикасы аркылуу андан ары Кыргыз Республикасына “гашиш” баңги каражаттарын андан ары сатуу үчүн ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук кылмыштуу баңги топторунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Баткен облусунун Кадамжай районундагы БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан базардын жанынан 1978-жылы туулган Х.И.Р. аттуу жаран кармалып, курулуш кабында скочтко оролгон 10 даана брикет алынып, алардын ичинде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл зат болгон. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган заттар салмагы 4 кг 776 грамм болгон “кара куурай гашиш чайыры” баңгизаты болуп аныкталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо” каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Х.И.Р. аттуу жаран мындан ары сатуу үчүн Өзбекстан Республикасынын жарандарына берүүнү көздөгөнү аныкталган.
Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган кылмыштуу топ узак убакыттан бери Өзбекстан Республикасына “гашиш” маңзатын аткезчилик жол менен ташып, сатуу менен алектенип келген.
Учурда кармалган Х.И.Р., Бишкек шаарынын №1 Тергөө абагына киргизилди.

700c7a06 3696 4473 830a bde13f021cfb Ири өлчөмдөгү гашиш сатуу жана жеткирүү каналына бөгөт коюлду

ИИМдин Басма сөз кызматы