Эгемендүүлүк күнү: 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.

Ага ылайык, 2023-жылдын 30-августунан 1-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ИИМдин өздүк курамы «Жогорулатылган» күжүрмөн даярдык баскычында кызмат өтөөгө өтөт.

Учурда жер-жерлерде саптык кароолор өткөрүлүп, анда милиция кызматкерлеринин сырткы келбети, кызматтык форманы белгиленген тартипте кийип жүрүүсү, кызматтык документтери текшерилип жатат.

Андан тышкары ар бир аймактарга жооптуу жетекчилер бекитилип, кызматкерлерге кызматтык милдетти так аткарып, жарандар менен сылык мамиледе болуп, мыйзамдуулукту сактоо боюнча нускамалар жеткирилип жатат.

Белгилей кетсек, майрам күнү 11 миңден ашык милиция кызматкерлери жогорулатылган тартипте иш алып барышат.

37f63e4b 194f 40aa 8f16 d49d99cac3f1 Эгемендүүлүк күнү: 11 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздайт