Кыргызстандык окуучу шахмат боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын утту

Кыргызстандык Азиз Дегенбаев мектептер арасындагы дүйнөлүк командалык чемпионатта жеке таймашта алтын медалга ээ болду.

КР Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматы боюнча, турнир Актау шаарында (Казакстан) 2023-жылдын 3-августунан 7-августуна чейин 12 жана 18 жашка чейинки категориялар боюнча 53 өлкөдөн 300дөн ашык шахматчылардын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын атынан Бишкек шаарындагы №6 мектеп-гимназиясынын окуучуларынан түзүлгөн команда – Дегенбаев Азиз, Курбанбаев Залкар, Пак Аарон, Аманбекова Розэль жана команданын капитаны Дамил Токтогонов катышты.

Азиз Дегенбаев жекече оюнда мүмкүн болгон 8упайдан 8 упай алып, биринчи тактада алтын медалга ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстандын командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, 43 команданын ичинен 9-орунду ээлеп, эң күчтүү командалардын ондугуна кирди.