Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жана Азия-Тынч океан форумунун директору Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка караганда, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева менен Азия-Тынч океан форумунун мыйзамдар жана саясат маселелери боюнча директору Кирэн Фитцпатрик видео конференция форматында байланышкан.


Тараптар Кыргызстандагы адам укуктарын илгерилетүүнү талкуулашты жана эл аралык кызматташтыкты координацилоо жолу менен улуттук укук коргоо институтун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө пикир алышты.
Ошондой эле эки тарап адам укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту Азия-Тынч океан форумуна мүчө катары өзүнүн ишмердигин активдештирүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгилеп өттү.
“Айрыкча өз ара аракеттенишүү маселелеринде жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйба алмашууда Акыйкатчы институту өзүнүн алдына дымактуу милдеттерди коюп жатат жана Борбор Азияда адам укуктары менен эркиндиктеринин баалуулуктарын жогорулатуу жаатында локомотив болгонго баардык чараларды көрүүдө. Албетте, бул максатка жетиш үчүн кызматташуу өзгөчө мааниге ээ”,-деди Акыйкатчы.


Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун эксперттик талдоо кылганы үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирди.
“Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору депутаттар менен биргеликте иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Бүгүнкү күндө документ коомдук талкууга коюлду. Аны менен бир катарда эле документтин адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык талаптарга шайкеш келиши, анын ичинде Париж принциптерине ылайык келүүсү боюнча эксперттик бүтүмдөрдү алыш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп белгилеп өттү Акыйкатчы.


Башкы укук коргоочу Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу институттун А макамын алуу процедурасынан өтүүгө мүмкүндүк берээрин кошумчалады.
“Документ Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун А макамын алыш үчүн Улуттук укук коргоо мекемелеринин глобалдык альянсынын аккредитациясынан өтүү боюнча комитетине мекемени кайрадан аккредитациядан өткөрүү боюнча билдирме берүүгө негиз болмокчу”,-деди Акыйкатчы.
Кирэн Фитцпатрик аталган уюм мыйзам долбооруна жеке өзүнүн талдоосун жүргүзгөнүн жана долбоор Париж принциптерине ылайык келерин баса белгиледи.
“Жалпысынан мыйзам долбоорунда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтуна көбүрөөк ыйгарым укуктарды бере турган нормалар каралган. Биз Кыргызстандын улуттук укук коргоо институтун А макамын алыш үчүн аккредитациядан өтүүгө мүмкүндүк бере турган Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кабыл алуусун ар дайым колдойбуз”,-деп айтты Кирэн Фитцпатрик.

d9c9ceb7 ede5 4f06 898a d5ea70b7ff95 Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жана Азия-Тынч океан форумунун директору Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты
8ee1d813 e6fc 47c8 bb44 28ee9a256eb1 Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева жана Азия-Тынч океан форумунун директору Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулашты