Кадыр Кошалиевдин Бакиевден маек алганы боюнча комиссиянын корутундусу чыкты

Элдик курултайдын маалымат кызматы качкын президент Курманбек Бакиевден маек алган Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана журналист Кадыр Кошалиев боюнча түзүлгөн комиссиянин корутундусу чыкканын билдирди.

Биринчи Элдик Курултайдын делегаты, саясий серепчи Бакыт Бакетаев башында турган коомдук комиссия Кошалиевдин иш-аракетин ар тараптан кылдат изилдеп, эксперт-адистердин, юристердин, журналисттердин жана коомчулуктун пикирлерин талдап, талкууланып жаткан маселе боюнча тыянак чыгарган.

“Кошалиевдин журналисттик иши боюнча күнөө тага турган жагдайлар дээрлик жок экендигин, маселенин баары Курултай институтун баш мыйзамдын талабына ылайык мыйзамдаштыруу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мезгилде Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы катары ал тарабынан алынган интервьюлардын жарык көрүшү — абалды курчутууга себеп болгондугу, бул жагдай Элдик курултайдын тарыхый мааниси, коомдогу орду, элдин Курултайга болгон ишеничи өзгөчө экендиги менен түшүндүрүлөт”— деп айтылат ал документте.

“Аталган корутундуда Кошалиевдин өз демилгеси боюнча Кыргызстандын экс-жетекчилери Акаев жана Бакиев менен болгон интервьюлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Элдик курултайдын регламентине каршы келбеси жана журналисттик эрежелерди сактоо менен уюштурулгандыгы; Элдик курултай — калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу туткан салттуу эл башкаруу институту катары өлкөнүн тагдырына түздөн-түз тиешелүү орчундуу маселелерден кыйгап өтпөстөн, кайра талкуунун бутасына алууга милдеттүү болгондуктан, Кошалиевдин өлкөнү 10-15 жылдап башкарган адамдардын өз оозунан маалымат алуусу; кыргыз элинин абалтадан келе жаткан казына-мүлкүн иликтөө багытындагы иш-аракети, тарыхты тактоого кошкон журналисттик салымы болуп саналары; ошол эле мезгилде төрага катары өзүнүн иш-аракети жөнүндө Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө убагында маалымдап койбогондугу анын кемчилиги болгондугу — адилет белгиленген.

Элдик курултай институтун коомдук-саясий системага өз ыйгарым укуктары менен киргизүү, мыйзамдаштыруу маселесинде Кошалиевдин көп жылдык эмгегин жана биринчи Элдик курултайдын регламентиндеги Курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндөгү 4-главадагы, төраганын ыйгарым-укуктары жөнүндөгү 5-главадагы талаптарды эске алып, жакында кабыл алынган “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын негизинде жаңы чакырылган курамдын иши башталганга чейин өзүнүн ыйгарым-укуктарын уланта берүүсү максатка ылайыктуу-деген корутундуда айтылган сунуштар тийиштүү тараптарга расмий жөнөтүлдү. Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде Кошалиев 2023-жылдын 11-август күнүнөн баштап, Элдик Курултайдын Аксакалдар Кеңешинин төрагасы кызматын аткарууга киришкендигин кабарлайбыз”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, журналист Кадыр Кошалиев менен Курманбек Бакиев маектешкен видео жарыяланган. Ал эми УТРК Кадыр Кошалиевдин качкын президент Бакиевден алган чуулгандуу интервьюсу тууралуу расмий билдирүү таратып, улуттук телеканал Курманбек Бакиев менен маек Кошалиевдин жеке демилгеси экенин, УТРКнын ага тиешеси жоктугун айткан.

Депутат Эльвира Сурабалдиева “качкын президенттен маек алган Кадыр Кошалиевдин Курултайдын төрагасы болгонго укугу жок” деп айтып чыккан. Ал эми президенттин маалымат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков “Кадыр Кошалиевдин тегерегиндеги талкууну саясатташтыруунун кереги жок деп эсептейбиз” деген эле.

koshaliev bakiev Кадыр Кошалиевдин Бакиевден маек алганы боюнча комиссиянын корутундусу чыкты