Кадыр Кошалиев курултайдын төрагалыгынан кетти

Кадыр Кошалиев курултайдын төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук барагына жазды.

Ал өзүнүн ыйгарым укуктарын орун басарына өткөрүп бергенин билдирген.

“Ардактуу мекендештер, кутмандуу курултайчылар! Биринчи Элдик Курултайдын делегаттары бекиткен Регламенттин 5-главасындагы төраганын ыйгарым укуктары жөнүндөгү талаптарга ылайык менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм. Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели.. “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда…”,- деп жазды ал.

Эскерте кетсек, Кадыр Кошалиевдин айланасында Бакиев жана Акаев менен болгон маегинен кийин чыр жаралып, аны кызматтан кетүү талабы айтылып келген. Буга чейин УТРКдан дагы кызматтан кеткен.