Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына камалды

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу анын уулу Азат Равшан билдирди.

Анын айтымында, Салкынай Алимбаева саат 12.00дө суракка чыгарылган. Ошол эле учурда аны менен адвокатка жолугууга уруксат берилген эмес. Аны менен байланыш үзүлгөн.

Кечке жуук анын кармалганы белгилүү болду. Азыркы тапта Алимбаевага кандай айып коюлуп жатканы белгисиз.

Равшан Жээнбеков учурда Кемпир-Абад иши боюнча СИЗОдо отурат. Ошондой эле Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Шайлоо ушул жекшембиде, 28-майда өтөт.