Алматы райондук соту Викрам Рузахуновдун доо арызын четке какты

Астананын Алматы райондук соту кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Ал 2021-жылы “Январь окуяларында” кыйноого алынганы үчүн жана укугу бузулгандыгы үчүн Казакстандын Ички иштер министрлигин сотко берген.

Рузахуновдун 2021-жылы “Январь окуяларында” кармалган. Qazaqstan мамлекеттик телеканалы анын митингдерге катышуу үчүн барды делген сурак берип жаткан видеосун жарыялаган.

Көп өтпөй ал кыйноолордун астында камерага өзүн жаманатты кылууга аргасыз болгону аныкталган болчу. Рузахунов эркиндикке чыккандан кийин кыйноого алынганы үчүн жана укугу бузулгандыгы үчүн Казакстандын Ички иштер министрлигин сотко берген.

Ал өзү тууралуу маалыматты жалган деп таанууну жана ошол эле телеканал аркылуу расмий түрдө кечирим суроону өтүнгөн. Бирок Алматы райондук соту кыргызстандыктын доо арызын четке какты. Музыкант сотто аталган маекти Алматы ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Азирбек Салтанат алганы белгилүү болгонун билдирди.

Ал маек алууга ким буйрук бергени эсинде жоктугун айтып, “Рузахуновдун дене жаракаттарын байкаган эмесмин, болгону бут кийиминин чечилген боосун көргөм” деген билдирүү жасаган.