Бишкектин вице-мэри Орунтаев бүгүн дагы УКМКга суракка чакыртылгандыгы кабарланды

Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев УКМКга бүгүн,  26-майда кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу бир катар маалымат агенттиктери өздүк булактарына таянып жазууда. 

Сурак “Батуми” ресторанынын түрттүрүлүшүнө байланыштуу. Кечээ да бир нече маалымат булагы Орунтаев суракта болгонун жазган. Бирок ал чакыруу болбогонун билдирген болчу.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

 “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп маалымдаган.