Бишкек мэриясынын кызмат адамдарына “Батуми” ресторанынын бузулушу боюнча кылмыш иши козголду

Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдарына “Батуми” ресторанынын бузулушу боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бирөөнүн мүлкүн атайылап бузуу айыбы коюлууда.

Бүгүн, 26-майда Бишкектин вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылганы кабарланган.

Ал эми 25-майда да бир нече маалымат булагы Орунтаев суракта болгонун жазган. Бирок ал чакыруу болбогонун билдирген болчу.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген.

 “Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгерде буздуруу мыйзамсыз болсо күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырды”, – деп маалымдаган.