Сузак райондук соту 10 жылдан бери өз кызын зордуктап келген кишини өмүр бою эркинен ажыратты

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук соту 10 жылдан ашуун убакыттан бери өз кызын зордуктап келген кишини өмүр бою эркинен ажыратты. Бул тууралуу Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, ага жалпысынан 42 кылмыш эпизоду менен айып тагылды. Жаран кызга 7 жаш 8 ай кезинен тартып сексуалдык мүнөздөгү зомбулук көрсөтүп баштаган.

Сотко далил катары жабырлануучунун, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, аудио-видео жазуулар жана соттук-медициналык экспертизанын корутундулары берилген. Учурда өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек, ага каршы тарап 30 күндүн ичинде даттанууга болот.

Сузакта 43 жаштагы киши 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалганы тууралуу 28-мартта белгилүү болгон. Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2022-жылы өлкөдө балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча 438 кылмыш иши козголгон. Ошол эле маалда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков балдарга карата зомбулук фактылардын саны жылдан жылга өсүп жатканын айткан.