Вице-мэр Нурдан Орунтаев “Батуми” кафесине келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берет

Бишкектин вице-мэр Нурдан Орунтаев “Батуми” кафесине келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Атайын кызматтан белгиленгендей, Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына карата «Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыянга учуратуу» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, вице-мэр «кафенин конструкциясын бузуп, мүлкүн алып коюунун ордуна ээсинин мүлкүн жок кылуу жолу менен демонтаждоону уюштурган».

Имаратты бузуунун натыйжасында үч миллион сомдон ашык зыян келтирилген. “Тергөө учурунда Орунтаев жабыркаган тарапка келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирди”, — деп билдирди УКМК.

“Батуми” кафесинин айланасындагы чыр

Бүгүн, 26-майда Бишкектин вице-мэр Нурдан Орунтаев УКМКга суракка чакырылганы кабарланган.

Ал эми 25-майда да бир нече маалымат булагы Орунтаев суракта болгонун жазган. Бирок ал чакыруу болбогонун билдирген болчу.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Батуми” жайгашкан жерге 25-майда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен барып келгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирген.