Жалал-Абадда көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директорун кармады. Ал кол алдында иштеген кызматкерлерден  акча талап кылууга шектелүүдө.

Шектүү 24-майда УКМК кызматкерлери тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатан учурда колго түшкөн.

“Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, б.а. 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлаганы аныкталды. Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек, анын 5 миң сому директор Ч.Ч.А.га берүүгө аргасыз болушкан”,- деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, мындан мурда аталган Ч.А.А. мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алгандыгы аныкталды. Тергөө иштери жүрүп жатат.