Улуттук Банк жарандарга шылуундардан сак болууну эскертти

Улутук Банк жарандарга шылуундардан сак болууну эскертти. Акыркы учурларда интернет ресурстары аркылуу Улуттук Банк же башка каржы уюмдарынын атын жамынып акчалай жардам берүү, кайсы бир активди сатып алуу жөнүндөгү жалган маалыматтар тарап жатат.

Анда көбүнчө жарыбаган бир суммадагы каражатты салып эле аз убакыт ичинде өтө байып кетүү, шилтеме аркылуу өтүп каражат алуу мүмкүндүктөрү бар деген чындыкка дал келбеген билдирүүлөр жазылууда. Шылуундар элдин көңүлүн буруу үчүн түрдүү жарнамаларды, элге белгилүү адамдардын сүрөттөрүн, Улуттук банктын атрибуттарын колдонушат.

Буга байланыштуу мекеме жарандарга сак болууну, шектүү жактарга акча которуудан абайлоону, каржы коопсуздугу боюнча эрежелерди так сактоону эскертти.